ТоктомКүчүндө

Ача-Кайынды айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 13-октябрындагы № YI/I «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү» долбоорунун 3-траншын ишке ашыруу максатта Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 12-октябрындагы № 3 протоколу менен кабыл алынган токтому бекитүү жана аткарууга алынуу жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VII чакырылышынын кезексиз YI сессиясы

2017-жылдын 13-октябры № YI/I                        

«Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун  3-траншын ишке ашыруу максатта Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 12-октябрындагы № 3 протоколу менен кабыл алынган токтому бекитүү жана аткарууга алынуу жөнүндө»

Ача-Кайынды айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Нурмамбетовдун  билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз YI сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т.

“Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү” долбоорунун  3-траншын ишке ашыруу максатта Ача-Кайынды айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылдын 12-октябрындагы №3 протоколу менен кабыл алынган токтому бекитилсин жана аткарууга алынсын.

Ача-Кайынды айыл аймагында “көчмө кыркым уюштуруу”жана “маданий жайыт жерлерин жакшыртуу” долбоорун ишке ашыруу жагы жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Нурманбетовго тапшырылсын.

Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жетекчиликке алуу жагы

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А.Мурзалиев.