Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № 1
«Куйручук айылдык Кеңешинин төрагалыгын жана төраганын орун басарлыгын шайлоо жөнүндө»
Куйручук айылдык Кеңешинин депутаты Ж. Карыбеков: Урматтуу депутаттар!
Мыйзамга ылайык жаңы шайланган айылдык Кеңештин биринчи сессиясын депутаттардын улуусу алып барууга укуктуу. Ошондуктан биздин биринчи сессиябызды алып баруу мага жүктөлдү. XXVII шайланган Куйручук айылдык Кеңешине жалпысы 11 депутат шайланды.Бүгүнкү сессияга толугубуз менен катышып олтурабыз. Бүгүнкү сессияны ачылсын дегендер кол көтөрүп коюңуздар. Макул- 11, каршы- жок, калыс- жок.
Сессияны ачык деп жарыялайм.
Күн тартибинде каралуучу маселелер:
1. Айылдык Кеңештин төрагасын шайлоо;
2. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлоо;
3. Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларын бекитүү.
Кызуу талкуулардан кийин Айылдык Кеңештин төрагалыгына төмөндөгү 4 (төрт) талапкер көрсөтүлдү: 1- А.Исаков., 2- К. Чокоев., 3- З. Баисов., 4- Э.Садыбакасов.
Айылдык Кеңештин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын төмөндөгүдөй курамы түзүлдү:
1. Абдылдаева М.
2. Адылбек к Н.
3. Масиров У.
Жабык добуш берүү жүргүзүлүп, эсептөө жыйынтыгында Исаков Азимжан- 5 добуш, Чокоев Кылыч- 3 добуш, Баисов Замир- 2 добуш, Садыбакасов Элдияр- 1 добуш алышып, мыйзамга ылайык добуштун 50 %дан көбүн алган бирда депутат болбогондуктан, экинчи турга Исаков Азимжан жана Чокоев Кылычбек чыгышты.
Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Чокоев Кылычбек- 6 добуш, Исаков Азимжан- 4 добуш, баарына каршы- 1 добуш болду.
Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басарлыгына Садыбакасов Элдияр көргөзүлүп, добуш берүүдө макул- 11, каршы- жок, калыс- жок.
Жогорудагыларды белгилеп жана эсептөө комиссиясынын жыйынтыгын угуп, Куйручук айылдык Кеңештин сессиясы
токтом кылат:
Депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыгына байланыштуу Куйручук айылдык Кеңешинин төрагалыгына Чокоев Кылычбек Осмонович шайлансын.
Төраганын орун басарлыгына Садыбакасов Элдияр Токтобекович шайлансын.
Айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларынын курамдары бекитилсин.
Бул токтомду каттоодон өткөрүү жагы Жумгал аймактык комиссиясынан суралсын.
Төрага | Ж. Карыбеков |