Загрузка документа…
КУЙРУЧУК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 20-апрели № 2
«Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жылдык бюджетин кароо жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009- жылдын 19- июнундагы № 386 токтомунун, “Жайыттар жөнүндө ” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 2011- жылдын 11- июнундагы № 91 редакциясына ылайык Куйручук айыл аймактык Кеңештин сессиясы жайыт жерлерди натыйжалуу жана сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Куйручук айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы К. Чокоевдин 2015- жылдагы отчетун угуп жана 2016- жылга аткарыла турган бюджетин жана иш планын талкуулап,
токтом кылат:
1. Куйручук айылынын жайыт комитетинин төрагасы К. Чокоевге 2015-жылда аткарган иштеринин отчетун угуп канаатандырарлык деп белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин 2016- жылга карата бюджети жана эмгек акылары , киреше менен чыгаша бөлүмдөрү тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. 2016- жылга жайыт акы төлөмдөрү төмөндөгүдөй белгиленсин.
1 (бир) баш жылкыга 75 (жетимиш беш) сом.
1 ( бир) баш уйга 75 (жетимиш беш) сом.
1 ( бир) баш кой, эчкиге 15(он беш ) сом.
4. Жайытты башка максатта пайдаланууну (туризм, балык чарбачылыгы ж.б ) каалаган атуулдар жайыт комитети менен эки тараптуу келишим түзүү менен берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлгө алуу жагы Куйручук айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К. Чокоев |
|
|
Макулдашылды” “__”_________2016- жыл Куйручук айылдык жайыт комитетинин төрагасы К.Чокоев | “ Бекитемин” “__”___________ 2016- жыл Куйручук айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары: Э. Садыбакасов |
Жумгал районундагы Куйручук айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2016- жылга карата бюджетинин эсеби.
Киреше бөлүгү | Чыгаша бөлүгү | ||||
| Жайыт пайдалануучулардан чогултуучу каражат | сумма | № | 2016- жылга | Сумма |
1 | 2015- жылдан калдык | 40 000 | 1 | Инфраструктураны оңдоо | 54 700 |
2 | Бодо мал үчүн 1500*75 | 112500 | 2 | Эмгек акы | 90 000 |
3 | Майда жандыктар үчүн 7000* 15 | 105000 | 3 | Соц. фонд 27 % |
|
4 | Жайытты башка максатта пайдалангандардан | 60 000 | 4 | Жайыт салыгы 24829*2,25+3% | 60 000 |
|
|
| 5 | Канц. товарга | 10 000 |
|
|
| 6 | Эсеп палатасынын актысына | 40 000 |
|
|
| 7 | Транспорт чыгымдары (келишим менен аренда, ГСМ ) | 43 300 |
|
| 317500 | 8 | Ар кандай чыгымдар | 19 500 |
Баары | 317 500 | ||||