Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2- февралы № I/I.
«Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин кароо жөнүндө”
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин кароо жөнүндө айыл өкмөттүн Жайыт комитетинин башчысы М.Норузбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2018-жылга каралган бюджети 391270 (үч жүз токсон бир мин эки жүз жетимиш) сомго бекитилсин.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин Жайытка чыккан малдын тарифи 2018-жылга төмөндөгүдөй бекитилсин;
-Ак-Сай өрөөнүндө жайлап-кыштаган малчылар үчүн бир баш бодо малга 63(алтымыш үч)сом,бир баш майда малга(кой-эчки) 12 (он эки)сом.
- Алыскы,ортонку,ички жайыттарга жайлаган малчылар үчүн бир баш бодо малга 42(кырк эки)сом, бир баш майда малга 6(алты)сом.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага жана Жайыт комитетинин төр агасы М.Норузбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мурзалиев |