Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № I/YI
“Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга болжолдуу бюджетинин кароо жөнүндө”
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга болжолдуу бюджетинин кароо жөнүндө айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга болжолдуу бюджет тендештирилген грант 5589,5 мин сомго,өздүк киреше 2462,1мин сомго,баары 8051,6 мин(сегиз миллион элүү бир мин алты жүз) сомго,
2020-жылга болжолдуу бюджет тендештирилген грант 5345,3 мин сомго,өздүк киреше 2520,1 мин сомго баары 7865,4(жети миллион сегиз жүз алтымыш беш мин төрт жүз) сомго бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Барктабасовага милдеттенддирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев |