Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-февралы № 4
“Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдорун мамлекеттик тилинде гана кабыл алуу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамынын 26-беренесинин 1-1 пунктуна ылайык, Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Каракол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин токтомдору мамлекеттик тилинде гана кабыл алынсын.
Аталган токтом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.
Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каракол айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каракол айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.
Төрага | Алымбаев Б.М. |