Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-майы № 58
«Бешкент айыл аймагындагы Даштакы, Сиражин жана Дашрабад участкаларына элдер тарабынан эгилген эгиндин эмгек акысына берилүүчү акыны элдин талабын эске алуу үчүн 500 сомдон 300 сомго азайтуу жөнүндө»
Бешкент жана Андархам айылынын тургундарынан түшкөн сунуш каттардын негизинде жана депүтат Махаддинов С нын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бешкент
айылдык Кенеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл аймагынын Даштакы,Сиражин жана Дашрабад участкаларына элдер
тарабынан эгилген эгиндин эмгек акысына берилүүчү 500 сом элдин талабын эске алуу менен 300 сом деп белгиленүүсүнө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин бюджет.экономика
план жана айыл чарбасы,инвестиция,ишкердик иш ,тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | К. Мусаев |