Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 28-июлу № 61
«Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун Бешкент бөлүмүндө калктын саламаттыгын сактоодо «Ден- Соолүк», «Аялзат» улуттук программасын турмушка ашыруу жана медициналык тейлөөнү жакшыртуу жөнүндө»
Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун Бешкент бөлүмүнүн башчысынын жана адистеринин, ошондой эле ГСВ башчыларынын маалыматын угуп жана талкуулап
Бешкент айылдык Кеӊеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кулунду жалпы дарыгерлер борборунун Бешкент бөлүмүнүн адистеринин медициналык «Ден-соолук», «Аялзат» Программаларын турмушка ашырууда аткарып жаткан иштеринин канаатандырарлык экендиги көнүлгө алынсын.
2. Аталган Программаларды турмушка ашырууда көп кемчиликтердин бар экендиги бир топ маселелердин чечилбей жаткандыгы атап айтканда керектүү кадрлардын жетишпестиги,көйкалардын санынын аздыгы сыяктүү көйгөй маселелерди чечүү участкалык ооруукананын башкы врачы Мадалиев О га жана ГСВ башчыларына милдеттендирилсин.
3. Айылдык оорууканада бөлүмдөрдүн бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө көчүүсү орүн алып бул нерсе ооруулуларга ынгайсыздык жаратып жаткандыктан эми долбоор менен төрөт үйүн күрүп бүтүрүүнү уюштуруу жагы ооруукананын башчысы Мадалиев Ө га тапшырылсын.
4. Жогорудагы Улуттук Программаларды турмушка ашырууда кетирилген кемчиликтерден жыйынтык чыгаруу жагы тиешелүү адистерден сүралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаштар, спөрт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | О. Баховатдинов |