Редакцияот 14.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын V сессиясы

2016-жылдын 14 июлу № 16/5-4

Токмок шаарынын жана Түрк Республикасынын Газиантеп шаарынын Шахинбей муниципалитетинин ортосунда өз ара мамилелерди түзүү жөнүндө

Токмок ш. мэриясынын 01.07.2016-ж. чыг.№1005/1-4 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 08.07.2016-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Токмок шаарынын жана Түрк Республикасынын Газиантеп шаарынын Шахинбей муниципалитетинин ортосунда өз ара мамилелерди түзүүгѳ макулдук берилсин

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Солтобаев