Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-майы № 1-8-1
Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасын жана төраганын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 37-беренесинин 1-пунктусунун негизинде, Майлуу-Суу шаардык (VIII чакырылыштагы) кеңештин депутаттарынын ичинен шайланган эсептөө комиссиясынын жыйынтыгын угуп жана депутаттардын бир добуштан кабыл алуусу менен шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдын 37-беренесинин 1-пунктусунун негизинде көпчүлүк фракциялардын коалициясынын депутаттарынын ичинен шаардык кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добушу менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасы болуп Барбиев Бекболот Караевич шайланды деп эсептелсин.
1. Майлуу-Суу шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Мурзамаметов Алмазбек Мойдунович шайланды деп эсептелсин
2. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.
Төрага | Б.К. Барбиев |