Редакцияот 25.05.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2016-жылдын 25-майы №1-8-3

Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоодо шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколун бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын жана Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу

органынын башчысын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдун негизинде Майлуу-Суу шаардык кеңештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколу бекитилсин.

2. Майлуу-Суу шаарынын мэринин кызматына Маматов Нурадил Аманбаевич шайланды деп эсептелсин.

3. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

4. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө өзүмө калтырам.

 

Төрага

Б.К. Барбиев