Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-октябры №1
2016-жылдагы бекитилген бюджеттин айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Калматовдун айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бекитилген бюджетинин айрым статьяларына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 70823 ( маданият үйү) разделиндеги 22154900 кызмат көрсөтүү статьясындагы 145000 (бир жүз кырк беш миң) сом акча каражаты 70111 (башкаруу аппараты) разделинин 31113290 (курулмалар) статьясына – 56762 (элүү алты миң жети жүз алтымыш эки) сом 22154900 (кызмат көрсөтүү) статьясына -88238 (сексен сегиз миң эки жүз отуз сегиз) сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Шайдиев |