Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 03-августу №4
«Жол-Сай ФАПына Мамытов Асандын ысымын берүү жөнүндө»
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXIII-сессиясы, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин финансы-бюджет, мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Жол-Сай айылындагы ФАПка медицина тармагында көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенген врач Мамытов Асандын ысымы берилсин жана «Мамытов Асан атындагы Жол-Сай фельдшердик-акушердик пункту» деп аталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Туу айылдык кеңешинин финансы-бюджет, мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Шайдиев |