Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 15-ноябры №31/1
Аристин ПСИ-3 долбооруна катышуу жөнүндө
Халмион айыл аймагынын 2017-жылы АРИСтин ПСИ-3 долбооруна катышууга Халмион айыл өкмүтүнүн жамааттарынын арасынан демилгечи топтор аркылуу айылдардын профайылы түзулүп жалпы жыйындарда талкууланды. Халмион айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссияда айылдардын жалпы чогулуштарынын протокол чечимдери талкууланып чечим кабыл алынды. Халмион айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн комиссиянын чечимин Халмион айылдык кеңеши талкуулап карап чыгып
токтом кылат;
1. Кырыгыз Республикасынын Коомчулукту онуктурүү жана инвестициялоо агенствосунун ПСИ-3 долбооруна Халмион айыл өкмөтүнүн комиссиясынын чечими жактырылып колдоого алынсын.
2. Ушул проектин аткарылышына Халмион айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетинен салым катары 600 000,0 (алты жуз миң) сом акча каражаты 31112390 статьясы аркылуу бөлүнүп берилсин
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл кеңешинин бюджет боюнча комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Сиддиков. |