Загрузка документа…
ХАЛМИОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 01-октябры № 30/3
Халмион айыл аймагындагы “Баяман Баатыр”базарынын алдындагы тартипсиздиктерди жөнгө салуу жөнүндө
Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 27.09.2016-жылдагы №1-17/02-2056 сандуу катына негиз, Халмион айыл аймагындагы “Баяман Баатыр”базарынын алдындагы тартипсиздиктерди жөнгө салуу максатында Халмион айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Баяман -Баатыр” базарынын алдындагы жол боюндагы сатуучуларды базардын ичкери тарабына алып кирүү жана базардын алдындагы ар кандай тартипсиздиктерди жолго коюуу жагы базар жетекчилигине жана аймактык ички иштер бөлүмүнө милдеттендирилсин.
2. Соода борборундагы мал базарын иштешин толук кандуу талапка жооп берүүсүн же башка орундуу жерге жылдыруу маселесин карап берүүнү тийиштүү органдарга кайрылуу жагы Халмион айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
3. Ош-Исфана жолунун түндүк боюндагы, жолго чыгып кеткен ишканалар аянтын жол тарабына кеңейтүүгө уруксат берилбесин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Халмион айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
Төрага | Д. Сиддиков |