Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29 декабры №45/9-4
№7 орто мектебинин жылытуу тутумун оңдоо жөнүндө долбоорду кошо каржылоо жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2016-жылдын 28-декабрындагы чыгыш №2150/1-4 №7 орто мектебинин жылытуу тутумун оңдоо жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2017-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 29-декабрындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (№7 орто мектебинин жылытуу тутумун оңдоо) долбоору боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2017-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүндө долбоордун жалпы сметасынын наркынын 25% өлчөмдө 572742 (беш жүз жетимиш эки миң жети жүз кырк эки) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |