Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 43/9-4
№5 орто мектебинин айланасына тосмо орнотуу жөнүндө долбоорду кошо каржылоо жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2016-жылдын 28-декабрындагы чыгыш №2150/1-4 №5 орто мектебинин айланасына тосмо орнотуу жөнүндө долбоорду үлүштүк каржылоого 2017-жылы шаардык бюджеттен каражат кароо жөнүндө кайрылуусунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 29-декабрындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (№5 орто мектебинин айланасына тосмо орнотуу) долбоору боюнча үлүштүк каржылоого төлөм жүргүзүү үчүн 2017-жылга шаардык бюджеттин долбоорунда “Турак жай-коммуналдык кызматтары” бөлүмүндө долбоордун жалпы сметасынын наркынын 25% өлчөмдө 670143 (алты жүз жетимиш миң жүз кырк үч) сом өлчөмүндө акча каражат каралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |