Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-декабры № 41/9-4
Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Дж.Шамыралиевдин 2016-жылдын 28-декабрындагы чыгыш №2149/1-4 Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө кайрылуусунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 35-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө” токтомуна жана долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу боюнча Нускамага, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 29-декабрындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 29-августундагы №19/6-4 “Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Комиссиясынын курамын түзүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.
2. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Токмок ш. жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун Комиссиясынын курамы бекитилсин (тиркемеге ылайык).
3. Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен кошо каржылоого долбоорлорду тандоо боюнча Комиссиянын ишин көзөмөлдөө Токмок ш. мэриясынын жетекчилигине (Ж.Дж.Шамыралиев) жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |