Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 22-декабры № 39/8-4
Токмок ш. турак жай маселелери боюнчакомиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын 15.12.2016-ж. чыгыш № 2100 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, кадрдык өзгөрүүлөр болгондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексинин 12-беренесинин негизинде, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 19-декабрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. турак жай маселелери боюнча комиссиясынын курамынан комиссиянын төрагасы -Чокеев К.К., Токмок ш. вице-мэри чыгарылсын;
Комиссиянын курамына төрага болуп – Ступников С.В., Токмок ш. вице-мэри киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, транспорт жана турак жай-коммуналдык кызматтар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |