Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 35/7-4
Жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн өзгөртүү тизмегин бекитүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 20-июлундагы, 10, 27-октябрындагы, 08-ноябрындагы отурумдарынын протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө”, “Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. мэриясынын буюрмаларына ылайык, 2016-жылы бюджеттик ассигнованиелерди жылдыруунун эсебинен, Токмок ш. жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү боюнча өзгөртүү тизмеги бекитилсин
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |