Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры №34/7-4
“Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. мэриясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы чыг.№1884/1-4 “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. “Токмок Жылуулук” Муниципалдык ишканасынын директору кызматына – Турушбеков Молдогазы Алиевичти дайындоого макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Токмок ш. мэрине жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |