ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 17-ноябрындагы №33/7-4 «Токмок шаарынын вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакция17.11.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын VII кезектеги сессиясы

 

2016-жылдын 17-ноябры №33/7-4

Токмок шаарынын вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө

Токмок ш. мэриясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы чыг.№1876/1-4 Токмок шаарынын вице-мэрин дайындоого макулдук берүү жөнүндө кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 14-ноябрындагы отурумунун протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ступников Сергей Викторовичти - Токмок шаарынын вице-мэрине дайындоого макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.

 

Төрага

Т.Солтобаев