Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 32/7-4
Жаматтык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча комиссия түзүү жөнүндө
Экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 02-ноябрындагы отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин, Токмок ш. мэриясынын жана анын түзүмдүк бөлүктөрүнүн эмгек жамааттары жана администрациялар ортосундагы жаңы Жамааттык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн, шаардык кеңештин депутаттарын курамга киргизүү, менен жумушчу комиссия түзүлсүн.
2. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |