Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 30/7-4
Жантаев көчөсүндөгү курулушу бүтпөгөн үйдү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин теңдемине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Токмок ш. Ички иштер бөлүмүнүн 13.09.2016-ж. чыг.№ 21-10/6098 Жантаев көчөсү дарегинде жайгашкан 5 кабаттуу, 40 батирлүү курулушу бүтпөгөн үйдү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин теңдемине өткөрүп берүү жөнүндөгү өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып, ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 22.12.2015-ж. №172/22-3 “Жантаев көчөсү дарегинде жайгашкан курулушу бүтпөгөн үйдү шаардык Ички иштер бөлүмүнүн теңдемине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Токмок ш. Жантаев көчөсү дарегинде жайгашкан 5 кабаттуу, 40 батирлүү курулушу бүтпөгөн үйдү, 8 батирди: 4 батирди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.10.2009-ж. №599-р буюртмасына ылайык, “Кыргыз темир жолу” Улуттук компаниясына жана 4 батирди кийин Токмок шаардык кеңешине жана Токмок ш. мэриясына кызматтык колдонууга берүү максатында Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын теңдемине өткөрүп берүү шарты менен, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин теңдемине өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3. Токмок ш. мэриясы тарабынан (Шамыралиев Ж.Дж.), жогоруда көрсөтүлгөн объектини мыйзам менен белгиленген тартипте кабыл алуу-өткөрүп берүү камсыздалсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |