Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 28/7-4
КР Улуттук Кызыл Ай коомунун Токмок филиалын кеңсенин ижара акысынан бошотуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун Токмок филиалын кеңсе катары колдонгон имараттын ижара акысынан бошотуу жөнүндө 2016-жылдын 22-сентябрындагы кириш № 234/02-11 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып жана ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл ай коомунун Токмок филиалы кеңсенин ижара акысынан 2 жылга 50% өлчөмүндө бошотулсун (жергиликтүү бюджетке түшүүчү ижара акысынан 100% бошотулсун).
2. Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан (Кусанов С.А.), Токмок аймактык ооруканасы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коомунун Токмок филиалынын ортосунда келишим түзүп, макулдашуу камсыздалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |