Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 26/7-4
Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок ш. тургуну К.Самайбековдун 22.06.2016-ж.кириш № 114/1/02-12 арызын, Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын жер тилкесинин зоналдык категориясын которуу жөнүндөгү 2015-жылдын 09-июлундагы № 17 протоколунун көчүрмөсүн карап жана талкуулап чыгып жана ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 28-сентябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок ш. Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин 25-беренесине төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
-Токмок ш. Северная-Неделина көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан, К.Самайбековдун жеке менчигиндеги 4915 ч.м. жер тилкесин К-1 зонасынан (коммуналдык ишканалар, транспорт, кампага топтоо жана майда өндүрүш зонасы) Ж-2 зонасына (аралашкан турак жай зонасы) турак үй куруу үчүн которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |