Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 24/7-4
“Токмок шаарынын Ардактуу жараны” жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 10-октябрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” жөнүндө Жобонун “Токмок шаарынын Ардактуу жаранынын укуктары” III бөлүгүнүн
“жыл сайын бир жолу берилүүчү 10 минималдык эмгек акы өлчөмүндө жөлөк пул алууга” (кайрылган убакта) деген 11-пункттун акыркы абзацы төмөнкү редакцияда өзгөртүлсүн:
“кайрылган учурда, материалдык абалын иликтеп, комиссиянын чечими менен, Токмок шаардык кеңешинин төрагасынын же Токмок ш. мэринин резервдик фондунан 10 минималдык эмгек акыга чейинки өлчөмдө жөлөк пул алууга”
2. Токмок шаардык кеңешинин 26.03.2009-ж. №92/16-2 “Токмок шаарынын Ардактуу жараны” жөнүндө Жобого өзгөртүү киргизүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |