Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 17-ноябры № 25/7-4
2016-ж. карата шаардык билим берүү бөлүмүнүн бекитилген чыгашалар сметасынын эсебинен, шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына кошумча 2,5 ставка берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын 22.09.2016-ж. кириш 233/02-01 өтүнүч катын карап жана талкуулап чыгып жана экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 10-октябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга карата шаардык билим берүү бөлүмүнүн бекитилген чыгашалар сметасынын эсебинен, шаардык билим берүү бөлүмүнүн бухгалтериясына кошумча 2,5 ставка берүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын жүктөлсүн.
Төрага | Т.А.Солтобаев |