Редакцияот 29.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын I сессиясы

2016-жылдын 29-апрели № 1/1-4

 «Таза коом» фракциялардын көпчүлүк коалициясын каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 21-беренесинин 5-п., Токмок шаардык кеңешинин Регламентинин 5-бөлүмүнүн 35-36-беренелерине жана КСДП жана «Республика-Ата Журт» фракцияларынын ортосунда 27.04.2016-ж. Коалиция түзүү жөнүндөгү макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдардын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинде «Таза коом» фракциялардын көпчүлүк коалициясы катталсын.

2. «Таза коом» фракциялардын көпчүлүк коалициясынын төрагасы Джоошбеков М.Б., катчысы –Бостериева К.С. деп эсептелсин.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

 

Төрайымы

А.Аилчиева