Редакцияот 30.04.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын I сессиясы

 

2016-жылдын 30-апрели № 3/1-4

Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын төрагасын шайлоо жөнүндө

Сунушталган талапкерди карап чыгып жана талкуулап, 2016-жылдын 30-апрелиндеги Токмок шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын №1 жана №2 протоколдоруна ылайык, жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 37-беренесине ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Токмок шаардык кеңешинин 4-чакырылышынын төрагасы болуп Солтобаев Тилек Асанович шайлансын.

2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.

 

Төрага

Д.Э.Жоокаев