Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016 жылдын 22 июну № 8/3-4
Токмок шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №183/22-12 “2015-жылдын 07-августундагы ѳнѳр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча, орто жана кичи бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча жана социалдык маселелер боюнча биргелешкен туруктуу депутаттык комиссияларынын чечимин жокко чыгаруу жана Токмок шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 29.06.2015-жылдагы XXI сессиясынын токтомун бекитүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок шаарынын прокуратурасынын 2016-жылдын 11-майындагы чыг.№47р-16 каршылыгынын негизинде, жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №183/22-12 “2015-жылдын 07-августундагы ѳнѳр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча, орто жана кичи бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү боюнча, коммуналдык менчикти кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча жана социалдык маселелер боюнча биргелешкен туруктуу депутаттык комиссияларынын чечимин жокко чыгаруу жана Токмок шаардык Кеңешинин 3-чакырылышынын 29.06.2015-жылдагы XXI сессиясынын токтомун бекитүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ѳнѳр-жай, курулуш, архитектура, транспорт жана коммуналдык – турак жай кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |