ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын IV сессиясы
2016-жылдын 30 июну № 11/4-4
Токмок шаарынын Аймактык-коомдук ѳз алдынча башкаруулары жана кварталдык комитеттери жөнүндө
Токмок ш. мэри Ж.Ж.Шамыралиевдин 28.06.2016-ж. чыг.№975/1-4 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Аймактык-коомдук ѳз алдынча башкаруулар жана кварталдык комитеттер Токмок шаардык кеңешинин карамагына кайтарылсын.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №177/22-5 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына жѳнѳтүлсүн.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында басылып чыгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана ѳз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |