ТоктомКүчүндө

Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 30-июнундагы № 13/4-4 «Эски имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө»токтому

Редакция30.06.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ТОКМОКШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги IV сессиясы

2016-жылдын 30-июну № 13/4-4

Эски имараттарды бузууга макулдук берүү жөнүндө

 

Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусунун 18.11.2015-ж. кириш № 323/02-01 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 24.06.2016-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чкалов көчөсү 4 дарегиндеги, Үй-бүлөлүк жагдайдагы “Бейкут үйү” балдар үйүнүн аймагында жайгашкан эски имараттарды бузууга макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, өнөр жай, курулуш, архитектура, унаа жана турак жай-коммуналдык кызматтары боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.А.Солтобаев