Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 30-июну №14/4-4
Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №175/22-3 “Токмок ш. курулуш жана жерди пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок ш. прокуратурасынын 2016-жылдын 6-июнундагы чыг.№11/р-16 каршылыгын карап жана талкуулап чыгып, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 24.06.2016-ж. протоколуна ылайык, Токмок шаардык кеңешинин токтомун Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарды жетекчиликке алуу менен,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2016-жылдын 9-февралындагы №175/22-3 “Токмок ш. курулуш жана жерди пайдалануу боюнча комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому жокко чыгарылсын.
2. Ушул токтом катталсын жана көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарына басылып чыгарылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чакан жана орто бизнес, муниципалдык менчикке көзөмөл боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |