Загрузка документа…
БЕШКЕНТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 14-августу № 69
«Бешкент айыл аймагындагы Дашрабад участкасындагы эгиндерди элдин малынан коргоо жөнүндөгү чараларга макулдук берүү жөнүндө»
Бешкент айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн башчысы Мусаев Кубатбектин сунушун угуп жана талкуулап Бешкент айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Бешкент айыл аймагындагы Дашрабад участкасындагы эгиндерди бош жүргөн малдардан коргоо, малды бош коюу жана ушул эле участкага мал байлап коюу элдин сөзү менен айтылып келе жаткан «ангар» деген түшүнүккө тыюу салууга макулдук берилсин.
2. Ушул эле Дашрабад участкасындагы эгиндердин бышып жетилип аны жыйнап алганга чейин 2017- жылдын 1- октябрына чейин мал киргизүүгө жана байлоого уруксат берилбесин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
Төрага | О. Баховатдинов |