ТоктомКүчүндө

Кадамжай шаардык кеңешинин 2018-жылдын 8-январындагы № 59 «Кадамжай шаардык кеңешинин номери 50 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому

Редакция08.01.2018 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

III чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы

2018-жылдын 8-январы № 59

“Кадамжай шаардык кеңешинин номери 50 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”

Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

Кадамжай шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-ноябрында кабыл алынган 50 номериндеги “Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан спорткомплексти жана “Металлург” стадионун муниципалдык менчикке өткөрүгө макулдук берү жөнүндө” токтомуна кошумча 2-пункт киргизилсин:

1.    Кадамжай шаарынын аймагындагы спорткомплексти жана “Металлург” стадионун муниципалдык менчикке өткөрү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинен жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан суралсын.

2.    Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Абдраимов