Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-январы № 61
“Кадамжай шаарынын аймагындагы А.Масалиев атындагы орто мектебине кошумча имарат куруу жөнүндө”
Кадамжай шаардык мэриясынын 2018-жылдын 5-январындагы № 1-01 кайрылуу катын жана убактылуу депутаттык комиссиянын сунушун карап жана талкуулап чыгып, Кадамжай шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Кадамжай шаарынын аймагындагы А.Масалиев атындагы орто мектебине кошумча имарат куруу үчүн проектик изилдөө жумуштарын жүргүзүү жагы шаардык мэрияга тапшырылсын.
2.Токтомдун мыйзам чегинде аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин жер, курул жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Абдраимов |