Загрузка документа…
КАДАМЖАЙ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-январы № 63
“Кадамжай шаардык кеңешинин номери 45/1 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Кадамжай шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамынын 17-беренесине ылайык
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Кадамжай шаардык кеңешинин 2015-жылдын 22-декабрында кабыл алынган 45/1 номериндеги “Кадамжай шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлк фондусунун эсебинде турган, Кадамжай шаарынын аймагындагы мүлктөрдү аукцион жана башка жолдору менен сатып алууга уруксат берүү жөнүндө” токтомунун 1-пункту төмөндөгүдөй болуп өзгөртүлсүн: Кадамжай шаардык мэриясына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик мүлк фондусунун эсебинде турган Кадамжай шаарынын аймагында жайгашкан Кыргыз геофизикалык экспедициясына караштуу магазин менен мейманкананы аукцион же башка жол менен өз мүмкүнчүлүгүнө карап, мыйзамга дал келе турган тартипте алууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы шаардын мэри Б.Бегалиевке милдеттендирилсин.
Төрага | А. Абдраимов |