Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 8-7
«Ат-Башы айыл аймагындагы ашыкча жерди мыйзамдаштыруу жөнүндө”
Ат-Башы айыл аймагындагы ашыкча жерди мыйзамдаштыруу жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис Асанкул уулу Рахаттын сунушун угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагындагы ашыкча жерди мыйзамдаштыруу максатында Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын жашоочуларынын турак жайына берилген укук берүүчү документте көрсөтүлгөн ашыкча жерлерди сатып, мыйзамдаштыруу үчүн 1 сотых жер 1000 (бир миң) сом өлчөмүндө бекитилсин;
2. Бул томтомду көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |