Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-декабры № 8-8
«Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты М. Жамашевдин арызы жөнүндө»
Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Жамашев Максатбек Калыгуловичтин жазган арызын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 24-статьясынын 2-пунктуна, КРнын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 3-статьясына ылайык Ат-Башы айылдык Кеңешинин депутаты Жамашев Максатбек Калыгуловичтин өзүнүн арызына ылайык башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу депутаттык ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.
Ат-Башы айылдык Кеңешине кийинки депутатты аныктап берүү жагы Ат-Башы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, Ат-Башы айыл өкмөтүнүн atbashy.org.kg расмий сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |