Редакцияот 18.01.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI - чакырылышынын кезексиз II сессиясы

2017-жылдын 18-январы № 2/1

«Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI – чакырылышынын туруктуу комиссияларын шайлоо жөнүндө»

 Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 32-беренисинин 4-пунктуна ылайык Кара-суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кара-Суу айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй туруктуу комисииялар түзүлсүн:

1. Бюджет, экономика- финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссия

      2. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, экология, маданият, спорт туризм боюнча туруктуу комиссия

      3. Өнөр жай курулуш транспорт-коммуникациялык, агрардык жана жер маселелери, сугат суу тармагы боюнча туруктуу комиссия

      4. Укук сактоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, социалдык маселелер жана коомдук бирикмелер менен байланыш боюнча туруктуу комиссия

2.Түзулгөн туруктуу комиссиялардын төрагасы жана мүчөлөрү төмөндөгүдөй болуп түзүлсүн:

Бюджет, экономика- финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы:С. Табылдиев : мүчөлөрү: К. Сапарбек уулу, Ж. Талантбек уулу, У. Бейшенкулов,М. Жусупов

Саламаттыкты сактоо, билим берүү, экология, маданият, спорт туризм боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А. Акылбек уулу мүчөлөрү Ш. Кутуев, К. Жумабеков, Д. Максүтова, М. Сыдыков

Өнөр жай курулуш транспорт-коммуникациялык, агрардык жана жер маселелери, сугат суу тармагы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Өмүралиев мүчөлөрү Э. Токтоназаров, Ш. Абакиров, А. Искеналиев

Укук сактоо, мыйзамдуулук, депутаттык этика, социалдык маселелер жана коомдук бирикмелер менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Солтоев; мүчөлөү А. Жумабеков, А. Осмонов К. Жумакунов

3.Туруктуу комисииялардын аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Б. Назаровго тапшырылсын.

 

Төрага

Т. И. Курткаев