КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI - чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2017-жылдын 18-январы № 2/2
«Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесинин 1-пунктуна ылайык Кара-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна Кара-Суу айылдык Кеңешинин депутаты Осмонов Айбек Жолдошбековичтин талапкерлиги көрсөтүлсүн:
2. Жогоруда көрсөтүлгөн талапкерди каттоо жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
Төрага | Т.И Курткаев |