Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 14 июлу № 15/5-4
Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 “Токмок ш. боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттерин бекитүү жөнүндө” токтомуна ѳзгѳртүүлѳрдү жана кошумчаларды киргизүү жөнүндө
Токмок ш. Муниципалдык менчик башкармалыгынын башкаруучусу К.К.Чотбаевдин 11.05.2016-ж. чыг.№813 кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып, Токмок шаардык кеңешинин орто жана чакан бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 24.06.2016-ж. протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”, “Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 токтомунун “Токмок ш. муниципалдык турак-жай жана турак-жай эмес фондунун ижара төлөмүнүн өлчөмүнүн суммасын эсептѳѳ” №1 тиркемесине тѳмѳнкү ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1) К1- имараттын түрүн эсептѳѳчү коэффициенти бѳлүмү тѳмѳндѳгү мазмунда жаңы абзацтар менен толукталсын:
- “-25 муниципалдык жарнак такталары”.
2) К3- ижарачынын ишмердүүлүгүнүн түрүн эсептѳѳчү коэффициенти бѳлүмүнүн 1 абзацынан “медициналык борбор” деген сѳз алынып салынсын.
3) К3- ижарачынын ишмердүүлүгүнүн түрүн эсептѳѳчү коэффициенти бѳлүмү тѳмѳндѳгү мазмунда жаңы абзацтар менен толукталсын:
- “- медициналык борборлор 50-ч.м. жогору - 2,5”;
- “- 4,5 муниципалдык жарнак такталары”
- “- муниципалдык жарнак такталары 50-ч.м. жогору - 3”.
2. Токмок шаардык кеңешинин 26.02.2015-ж. №151/19-3 токтомунун “Токмок ш. боюнча муниципалдык жер тилкелерин колдонуу үчүн ижара төлөмүнүн суммасын эсептөө үчүн коэффициенттери” №2 тиркемесине тѳмѳнкү ѳзгѳртүүлѳр киргизилсин:
1) К2-экологиялык баалоо коэффициенти бѳлүмү тѳмѳндѳгү мазмундагы 14 жана 15 абзацтары менен толукталсын:
- “кѳп жылдык кѳчѳттѳрдү отургузуу - 1”
- “муниципалдык менчик объектилеринин аймагында уюлдук антенналарды, мачталарды орнотуу - 30”.
2) К3- максаттуу дайындалган жер тилкелеринин коэффициенти бѳлүмүнүн 10-пунктундагы “7” саны “10” санына алмаштырылсын.
3) К3- максаттуу дайындалган жер тилкелеринин коэффициенти бѳлүмү тѳмѳндѳгү пункттар менен толукталсын:
- “кѳп жылдык кѳчѳттѳрдү отургузуу – 0,5га чейин – 0,5 жана 0,5гадан жогору – 0,3”;
- “муниципалдык менчик объектилеринин аймагында уюлдук антенналарды, мачталарды орнотуу - 44”.
3. Ушул токтом каттоодон ѳткѳрүлсүн жана кѳчүрмѳсү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция органдарына жѳнѳтүлсүн.
4. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында басылып чыгарылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана чакан бизнести, ишкерликти ѳнүктүрүү, коммуналдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктѳлсүн.
Төрага | Т.Солтобаев |