ТоктомКүчүндө

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 5/1 «2017-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

2017-жылдын 7-марты № 5/1

“2017-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларынын бааларын бекитүү жөнүндө”

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөнтехникалардын кызмат акыларынын баалары жөнүндө талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши

токтом кылат:

 1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында 2017-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарын жүргүзүү боюнча айыл өкмөттүн дыйкан фермерлерине техникалык кызмат көрсөткөнтехникалардын кызмат акыларынын баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

 1.Айдоо (соко) 1 га. 1000 сом ; 25 литр күйүүчү май.

 2. Малалоо бир сыйрасы 1 га .300 сом; 10литр күйүүчү май.

 3. Планировка 1га 300 сом; 10литр күйүүчү май.

 4. Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1га. 500 сом 15 литр күйүүчү май.

 5. Арык тартуу узундугуна карабай 50 сом 5литр күйүүчү май.

 6. Эгин чабык 1 га 1000сом 25 литр күйүүчү май.

 7. Чөп чабык 1 га 1000 сом – 600 сом 10 литр күйүүчү май.

 8. Чөп таңгактоо 5 сомдон 10 литр күйүүчү май.

 9. Эгин тартуу – 300 сом 10 литр май

 2. Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Осмоновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Курткаев