ТоктомКүчүндө

Кара-Суу айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 5/2 «Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын 2017-жылы жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы чабандардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө» токтому

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

 КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2017-жылдын 7-марты № 5/2

“Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын 2017-жылы жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы чабандардын эмгек акысын бекитүү жөнүндө”

2017-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары боюнча талкуулап депутаттардын Кара-Суу айылдык Кеңеши

токтом кылат:

1.    Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачылар 2017-жылдын 20-апрелинен тартып алыскы жайыттарга көчүү жагы каралсын.

2.    Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 20-апрелден башталсын , малды корукка жайгандарга айып пулдун өлчөмү 1 (бир) баш койго – 20(жыйырма) сомдон, 1( бир) бодого – 100 (бир жүз) сомдон белгиленсин.

3.    Күзүндө жайлоодон 5-октябрдан эрте түшкөн малга айып пулдун өлчөмү 1 (бир) баш койго – 50(элүү) сомдон, 1( бир) бодого – 500(беш жүз) сомдон белгиленип мал баккан бадачыга салынары эскертилсин.

4.    2017-жылы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:

- Кой козу башына 25 сомдон;

- Эчки улак башына 30 сомдон;

- Уй, торпок башына 200 сомдон ( саандарына мал ээси менен чабандын макулдашуусу)

- Жылкы, тай башына 200 сомдон ( саандарына жана мингичтерине мал ээси менен чабандын макулдашуусу)

5.    Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Осмоновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Курткаев