Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-марты № 6/3
«Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча бирка жана эмгек акысын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 6-июнундагы «Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык Кара-Суу айыл аймагынын мал чарбасы жана ветеринария боюнча адиси М.Акынбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык Кеңеши
токтом кылат:
Ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо боюнча төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
Бирка үчүн 37 (отуз жети) сом 76 (жетимиш алты) тыйын;
Иш кагаздарына 2 (эки) сом 24 (жыйырма төрт) тыйын;
Эмгек акы үчүн 30 (отуз) сом
Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы Кара-Суу айыл аймагынын мал чарбасы жана ветеринария боюнча адиси М.Акынбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Курткаев |