ТоктомКүчүндө

Орток айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 7-февралындагы № 1«Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция07.02.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

V- чакырылыштагы кезексиз 3 -сессиясы

2017-жылдын 7-февралы № 1

«Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө»

Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планын жарандардын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2017-жылдын 2- февралында өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгын эске алып Орток айылдык Кеңешинин депутаттарынын V чакырылышындагы кезексиз 3 сессиясында талкууланып

Орток айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1.  Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планынына 2017-жылдын 2- февралындагы өткөрүлгөн коомдук угуунун жыйынтыгынын негизинде Орток айыл аймагынын жарандарынын катышуусундагы талкуулоо боюнча 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планы толуктоо катары киргизилсин;

2.  Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планындагы коюлган иш-чараларды аткаруу жагы Орток айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.

3.  Орток айыл аймагынын 2017-2021-жылдардагы стратегиялык өнүгүү планынын аткарылышы ар жыл сайын жылдык отчеттордо белгиленип турсун.

 

Төрага

К.Мүсүров