Редакцияот 14.07.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Токмок шаардык кеңешинин IV чакырылышынын V сессиясы

2016-жылдын 14-июлу №17/5-4

К.Д.Усупбековдун мөөнөтүнөн мурда өз ыктыяры менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 3 б., Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Мыйзамынын 52 б., Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Мыйзамынын 24 б. ылайык жана Токмок шаардык кеңешинин депутаты К.Д.Усупбековдун 06.07.2016-жылдагы жеке арызынын негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «КСДП» партиясынан Токмок шаардык кеңешинин депутаты Усупбеков Калыс Дамирбековичтин депутаттык ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылсын.

2. Ушул токтом Токмок шаардык кеңешинин бош калган депутаттык мандатынын ордун ээлөө үчүн Токмок аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.

3. Токмок шаардык кеңешинин депутаты К.Д.Усупбековдун депутаттык мандаты 2016-жылдын 14-июлунан баштап мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Солтобаев