Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 23-марты № 3
“Нарын шаардык мэриясынын алдындагы «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Нарын шаардык Кеңешине “Республика” фракциясы тарабынан Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын курамындагы депутат У.Жаанбаев мандатын тапшырып кеткендигине байланыштуу, комиссиянын курамына ушул фракциянын депутаты Д. Курмановду киргизүү боюнча сунуш кат менен кайрылышкан. Нарын шаардык мэриясынын алдындагы “Курулуш куруу жана жер пайдалануу” комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү боюнча “Республика” фракциясынын сунушун угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
Нарын шаардык мэриясынын алдындагы «Курулуш куруу жана жер пайдалануу» комиссиясынын курамы өзгөртүлүп , комиссиянын курамына “Республика” фракциясынын депутаты Д.Курманов киргизилсин.
Төрага | Э.Турсуналиев |