Загрузка документа…
БАШ-КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-февралы № 17-4/1
«Баш-Кууганды айыл аймагындагы «Дыйкан-Ынтымак өнүгүү» жамаатынын уставын бекитип берүү жөнүндө»
Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын тургуну Жусупбаева Бурулча Токтобековнанын ПРООН «Жаңы Зеландия» программасынын алкагында түзүлүп жаткан «Дыйкан Ынтымак» өнүгүү жамаатын түзүү жана ЖОБОсун бекитип берүү жөнүндөгү маалыматты угуп Баш-Кууганды айыл аймагынын айылдык кенеши XVII чакырылыштагы кезексиз сессиясы
токтом кылат:
1. Жумгал районунун Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу, Баш-Кууганды айылында долбоорлор менен иштөө, аз камсыз болгон үй-бүлөөлөрдү иш менен камсыз кылуу багытында жамаат түзүлүп, түзүлгөн жаиааттын аты «Дыйкан Ынтымак» өнүгүү жамааты деп аталсын.
2. «Дыйкан Ынтымак» өнүгүү жамаатынын чогулушунун негизинде жамааттын жетекчилигине Жусупбаева Бурулча Токтобековна, казначейге Бабиева Жанара Темирбековна, катчылыгына Акматалиева Кундуз Жыргалбековна шайлансын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.jumgalrma.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылыша көзөмөл кылуу жагы Баш-Кууганды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Ботокановага милдеттендирилсин.
Каттоо номери 10
Төрага | К. Ажыгулов |